Көкө уулу Жамаке (1871, Ат-Башы өрөөнү, Орто Кайыңды деген жер — 1930, түрмөдө өлгөн) — агартуучу.
Сабаттуу, калыс, билгир, кадыр-барктуу адам болгондуктан 29 жашында Чеч-Дөбө болуштугунда 20 жыл бий болгон. Орто-Кайыңдыга мечит, карагайдан там салдырган, Токмоктон молдо алдырып, балдарды окуткан. Ал мечит 30-жылдарга чейин мектеп болуп турган. 1929-ж. кулакка тартылып, 1930-ж. атылган. 1991-ж. акталган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.