Көк-Айгыр көрүстөнү – неолит дооруна (б. з. ч. 6–5-миң жылдык) таандык археологиялык эстелик. Чатыр-Көлдүн чыгыш тарабында, Көк-Айгыр суусунун тектиринде жайгашкан. 1963-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Геология институтунун Нарын отряды (жетекчиси Ш. А. Кыдыров) ачып, окумуштуулар М. Б. Юнусалиев, В. А. Рановдор изилдеген. 2007-ж. кошумча археологиялык изилдөөлөр (археологдор К. Табалдиев, А. Абыканова) жүргүзүлүп, неолит дооруна чейинки мезолиттик таш куралдар жана таш чабындылары табылган. Таш куралдар көбүнчө кызгылтым оттук таш тегинен жасалган. Чогултулган коллекция Кошой-Коргон музейине жайгаштырылган. Көк-Айгыр көрүстөнү археологиялык изилдөө үчүн келечектүү эстелик болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү