Көк-Жар көрүстөндөр тобу

Көк-Жар көрүстөндөр тобу – 1) б. з. ч. 6–4-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Ак-Талаа аймагындагы Казарман – Нарын автомобиль жолунун сол өйүзүндө, Көк-Жар айылына 1 км жетпей жайгашкан. Түндүктөн түштүктү карай тизмектешкен 19 дөбө-мүрзө жана майда мүрзөлөрдөн турат. Бийиктиги 0,1–2,7 м, диаметри 5–28 м; 2) 1–6-кылымга таандык. Көк-Жар айылынын батыш четинде. Жолдун оң өйүзүндө 5 дөбө-мүрзө бар. Бийиктиги 0,2–0,6 м, диаметри 6–9 м. 1983-ж. археолог М. И. Москалёв баяндап жазган. Казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү