Көк-Мойнок көмүр кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Көк-Мойнок ойдунунун батыш жагында, Аккөл жана Талдыбулак сууларынын аралыгында. 1931-ж. кендин геол. картасы түзүлгөн. 1946–51-ж. уран рудасын издөө убагында көмүр кабаттарын изилдөө, 1956–57-ж. издөө-чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр төмөнкү юра катмарынын тууракабак свитасы менен байланышкан. Көмүрлүү катмарда 8 кабат бөлүнгөн. Алардын ичинен 5 кабат өнөр жайлык мааниге ээ. Кабаттардын көбүнүн (жердин үстүнө жакын жеринин 3 мден 150 мге чейинкисинин) көмүрү күйүп кеткен. Кабаттардын калыңдыгы 39,60 мге чейин. Сапаты боюнча көмүр үчүнчү күрөң (3Б) көмүр маркасына кирет. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 6,82%тен 25,40%ке чейин. Күйүү жылуулугу 25,12–30,64 МДж/кг га чейин өзгөрөт. Кайра бааланган С2 категориясы боюнча запасы – 19,6 млн т, болжол ресурсу 94,8 млн т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү