Көк башчалуу сесели
Көк башчалуу сесели (лат. Seseli eryngioides Korovin, (M. Pimen. et V. N. Tiкhom)) - Монокарптык көп жылдык, бүтүн өзөк тамырлуу өсүмдүк. Сабагы жалгыздан, түп жагы былтыркы жалбырактын калдыгы менен жабылган, түп жагынан баштап бутактанат. Тамыр моюнчасынан өскөн жалбырактары көп санда, канаттай тилкелүү, жалпы көрүнүшү жумурткадай; сабактан өскөн жалбырактары майдараак, кыска саптуу жалбырак кучактуу, жогорку жалбырактары сызгычтай тегиз жээктүү, же майда тишчелүү. Чатыры 50-60 гүлдүү, 15-18 ичке сызгычтай тегиз жээктүү жалбыракчадан турган ороочтуу. Чатырчалары ороочтуу, 15-17 жумуртка же ланцет сымал жалбыракчадан турат. Желекчелери ак, бир аз оюктуу. Мөмөсү капталынан бир аз басырылгандай, тескери ланцеттей.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү
түзөтүүИюлда гүлдөп, август-сентябрда мөмө байлайт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы
түзөтүүЧаткал тоо кыркасы: Бозботоо тоолору, Итагар суусунун өзөнү, Аксай, Курайрык капчыгайлары.
Өсүү шарттары
түзөтүүАкиташтуу аскалардын жаракалары.
Саны
түзөтүүПопуляцияларында бирин-серин кездешет.
Чектөөчү факторлор
түзөтүүСебептери белгисиз.
Өстүрүү
түзөтүүМаалыматтар жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери
түзөтүүБешарал коругунда өсөт.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
түзөтүүСан-өлчөмүнүн эсебин алып, түр өскөн аймактарды коргоо зарыл.
Статусу
түзөтүүV U . Эндем. Кыргызстанда өскөн 16 түрдүн бири.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2