Көк чаар, Ала буга (Diptychus dybowskii lansdelli), (Gunther)

Түрдүн жетилген ста диясынын сырткы түзүлүшүнүн кыскача баяны түзөтүү

Денеси капталдары бир аз кысылган, жылаңач, кабырчыктары каптал сызыгында жана аналдык тешиги менен аналдык сүзгүчүнүн тегерегинде гана жайгашкан. Денесинин узундугу 60 см чейин жете турган ири балык .

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Ысыккөлдүн түндүк, түштүк жана батыш райондорунда жана суу агып келип куюлган жерлерде кездешет .

Жашаган аймактары түзөтүү

Агын суулардын көлгө куюлган жерлери.

Саны түзөтүү

Өткөн кылымдын биринчи жарымында балык кармоонун көлөмү жылына 700-800 ц, ал эми 60-жылдары 20 ц чейин гана жеткен. Өтө сейрек кездешет, айрыкча акыркы жылдары. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Эркектери жыныстык жактан 4-5 жаштан ашканда денесинин узундугу 18-22 см болгон кезде жетилет. Урук таштоосу апрелден сентябрга чейин созулуп, бөлүнүп-бөлүнүп жүрөт. Уругун тайыз жерлердеги суунун алдында жаткан бутактарга, жыгачтарга чачат. 200-2000 гр чейинки салмактагы ургаачысынын төлү 4000ден 32.700 даанага жетет. Чоң особдордун (1000-2000 гр) төлү да чоң экендиги байкалат. Жип сымал балырлар, харалар жана зоопланктондор менен азыктанышат. Жетилген, чоң особдору көбүнчө балырларга караганда зоопланктонду – моллюска, гаммарус, мизиддерди жакшы көрүшөт .

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жыныстык жактан кечирээк жетилиши , балык кармоонун са ра мжалсыз жа на иретсиздиги. Табигый куут шартта рынын на ча рлашы. Байырлаштырылган жырткыч балыктардын да терс таасири тийиши ыктымал.

Асыроо түзөтүү

Жүргүзүлбөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

1966–жылдан баштап көк чаарды кармоого тыюу салынса да, азыркы мезгилде өтө аз.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Ысыккөлдө өстүрүп көбөйтүү иштерин кайра жандандыруу, куут мезгилинде кармоого катуу тыюу салуу, 5 жылга мараторий жарыялоо, корук жерлеринде коргоо. Колдо өстүрүү боюнча кыймылдуу пунктарды түзүү, түрдүн көлдө таралышын жана анын айрыкча корголгон жерлеринде колдо көбөйтүү сунушун иштеп чыгуу максатка ылайык.

Статусу түзөтүү

2 [CR: D]. Көлдө жашоочу формасы, саны эң аз, жоголуп кетүү чегинде турат. Эндемик, бөлөк формаларга караганда өсүү темпи жогору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү