Көк өрдөк (лат. Gavia arctica), (Linnaeus, 1758):

Gavia arctica

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Норвегиянын, Швециянын, Финляндиянын, Германиянын, Полңшанын, европалык Россиянын түндүк бөлүгүнүн ири көлмөлөрүндө тараган. Уралдан ары ареалы түштүккө карай жылат да, Батыш жана Чыгыш Сибирди камтыйт. Түндүк Казакстанда жашайт. Кыргызстанда номинативдүү түрчөсү Ысыккөлдө кездешет.

Жашаган аймактары түзөтүү

Ысыккөлдө Түп жана Жыргалаң булуңдарында уялайт . Кышында көлдүн бардык жеринде кездешиши мүмкүн.

Саны түзөтүү

Азыркы учурдагы саны белгисиз, кыштоодо гана кездешип, уялабай калышы мүмкүн. Мурда 5-6 жуп уялачу.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Жыныстык жактан үч жашында жетилет. Апрелдин ортосунан баштап уялайт. Адатта 2 жумуртка басат. Балык жана суудагы омурткасыздар менен азыктанат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Чектеш мамлекеттердин территорияларында Жашаган аймактарынын бузулушу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Ысыккөл коругунда корголот.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Азыркы учурдагы популяциянын абалын аныктоо. Көк өрдөктүн топтошкон жеринде тор менен балык уулоого тыюу салуу.

Статусу түзөтүү

III категория, Critically Endangered, CR: R. Кыргызстандын территориясында тукум курут болуунун чегинде. Номинативдүү түрчөсү кездешет. Чоңдугу үй өрдөгүндөй.

Колдонулган адабияттар түзөтүү