Көлбаев Абдыманап - жазуучу жана акын. 1948-жылы 30-декабрда Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында туулган. 1965-жылы М.Горький атындагы орто мектепти аяктап, 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин ийгиликтүү бүтүрүп, Ош шаарына ишке жөнөтүлгөн.

Кийинки жылдары врачтык кесипте Ош шаарында, Бишкек шаарында, Токтогул шаарчасында иштеп жүрүп, 1992-жылдан баштап чыгармачылык ишке өткөн.

1963-жылы «Булак», «Тоолор» аттуу алгачкы ырлары республикалык «Ленинчил жаш» гезитине басылган. Кийинчерээк ырлары, прозалык чыгармалары республикалык, облустук, райондук гезит-журналдарда жарык көрүп, теле-радиодон берилип келет.

1972-жылы «Жаш жазуучулардын аңгемелери» деген китепке «Булак» деген аңгемелер жыйнагына чыгармалары чыккан.

Алгачкы «Жазгы жаңырык» деген китеби 1974-жылы «Мектеп» басмасынан жарык көргөн.

1990-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Жазгы жаңырык – Ф.: Мектеп, 1974. – 48 б.

Аюу менен беттешүү – Ф.: Мектеп, 1979. – 80 б.

Жашоо жөнүндө ыр. – Ф.: Кыргызстан, 1995. – 200 б.

Аска мизи. – Ф.: Адабият, 1991. – 160 б.

Кыдыр жайчы: Аңгемелер жыйнагы. – Б.: Бийиктик, 2004. – 180 б.

Чоңколордун күлкүсү, какшыгы, күйдүргүсү. – Б.: Бийиктик, 50 б.

Койчу илбирс: Аңгемелер. – Б.: Бийиктик, 2004. – 79 б.

Ыймандуу ууру: Детектив. – Б.: Аят, 2004. – 40 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү