Көлбар – Тогуз-Торо өрөөнүндөгү суу, Көк-Иримдин оң куймасы (Нарын дарыясынын алабы). Тогуз-Торо районунда. Уз 40 км, алабынын аянты 161 км2. Куралуу аянтынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2830 м. Негизинен кар, бир аз мөңгү сууларынан куралат. Көлбар дын 35 куймасы бар. Жайында кирип, күзүндө тартылат. Июль айында ташкындайт. Жылдык агымынын орточо чыгымы 1,2 м3/сек, модулу 8,1 л/сек.км2.

Колдонулган адабияттар түзөтүү