Шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 10—15 киши.
Оюн аянтчада, талаада, кырманда, спорттук бөлмөдө.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Жетекчи шайланат, андан кийин оюнчулардын санына карата тегерек сызылып эки топко бөлүнөт. Оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат. Кезек боюнча бир топтун оюнчулары тегеректин көлдүн ичинде, экинчилери анын сыртында бири биринин колдорун кармашып турушат.

Оюндун баяны түзөтүү

Жетекчинин буйругу боюнча, оюнчулар атаандаштарын өз жактарына тартышып алганы аракеттенишет. Тартылып алынган оюнчулар, көлдүн ичинде же сыртында оюндун бүтүшүн күтүшөт, Ошентип оюн каалашкан убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп сандагы оюнчуларды өз тараптарына тартып алышкан оюнчулардын тобу жеңишке жетишет.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бири биринин кийимдеринен, баштарынан, чачтарынан кармап тартууга, кол-буттарды кайрууга, толгоого, тартылып алынган оюнчулар кайрадан оюнга кирүүгө болбойт.

Методикалык көрсөтмө түзөтүү

Тегеректин чоңдугу оюнчулардын санына жараша болушу керек.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Күчкө, ийилчээктикке, шамдагайлыкка тарбиялайт, бирдиктүүлүккө, коллективдүүлүккө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү