Көлдөлөң, бостек – ашатып өңдөгөн саңсаң (саксак) териден жасалып, шырдак, ала кийиз, таардын үстүнө төшөлүүчү үй буюму. Эки-үч териден жасалат, терилердин бучкактары кесилип ташталып, калганы тегизделип, ортосунан жөрмөлүп бириктирилет; Көлдөлөң ичтелип, тегереги көбөөлөнөт. Отурууга жумшак, ыңгайлуу болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү