Көл-Суу
Көл-Суу — Какшаал тоо тизмегинин бир тармагы Сары-Белес тоосундагы көл. Ак-Сайдын оң куймасы Көк-Кыянын алабында, деңиз деңгээлинен 3514 м бийикте жайгашкан. Урап түшкөн тоо тектердин өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Аянты 4,5 км2, тереңдиги 20 мге чейин, суу куралуу аянты 488 км2. Өрөөндүн формасын кайталап, түндүктөн түштүктү карай 5 кмден ашык созулуп жатат. Туурасы 800-1000 м. Агып чыккан суу Көл-Суу деп аталып, Көк-Кыяга куят. Алабында жалпы аянты 2,7 км2 ден ашык мөңгүлөр бар.
Булактар
түзөтүү- «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9