Көл бука (Botaurus) кунас сымалдар түркүмүнүн кытандар тукумундагы куштардын 2 уруусу (чоң жана кидик Көл. бука). Алар суу жээгиндеги өлөң чөп, камыш, бадалдуу жерде жашырын, бириндеп жашайт. Коркунучту сезгенде, өсүмдүк арасына денесин тик керип, душманынан жашынат. Жубу менен жашап, жерге, бадал түптөрүнө уялап, 4-9 жумуртка тууйт, 28-30 күн басат. Балык, бака жана омурткасыздар менен азыктанат. Бардык континентте таралган 14 түрүнүн төртөө Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө, Кыргызстанда эки түрү бар. Жазында эркеги катуу үн чыгаргандыктан, Көл бука деп аталган.

Botaurus pinnatus

Колдонулган адабияттар түзөтүү