Көмүр казуучу агрегат – көмүр шахтасындагы узундугу 100-300 м келген үңүлмөдө, бардык жумуштарды автоматташтырып иш жүргүзүү механизми. Көмүр казуу, жүктөө, ташуу, конвейерди ишке киргизүү, катмарлардын үстүн уратуу, энергия берүүчү кабелдерди, суу чачуучу шлангаларды пайдалануу, катмардын таманын тазалоо сыяктуу иштер автоматташтырылат. Көмүр казуучу агрегат ичке тилкелеп казуучу комбайндан, жылып туруучу конвейерлерден, гидравликалык бекиткичтен, кабель менен шлангадан, катмардын таманын тазалагычтан турат. Агрегатты автоматтык жол менен (электр-гидравликалык, гидравликалык) башкаруу штректерде жүргүзүлөт. Агрегат ойдогудай иштөө үчүн катмардын бир калыпта жатышы, калыңдыгы (1,2 мден кем эмес), тез желдетип туруу сыяктуу тоо-кен техникалык шарттар талап кылынат. Кыргызстанда Көмүр казуучу агрегат Таш- Көмүр кенинде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү