Көмүр өнөр-жайы - оор индустриянын негизги тармактарынын бири. Көмүр казып алуу, аны ылгоо жана брикеттөө иштерин жүргүзөт. Энергия булагы катары, транспортто, химиялык өнөр-жайында колдонулат. Көмүрдөн химиялык жол менен 350дөн ашык продукция өндүрүлөт. Россия көмүр казып алуу иштерин 18-кылымда баштаган. Натыйжада көмүр өндүрүү кескин жогорулаган. СССР көмүр казып алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлеген. Кыргызстанда көмүр казып алуу иштери Россия бийлик жүргүзүп турган кезде эле башталган. Кийин СССР убагында бир топ ийгиликтерге жетишкен. 1976-ж. Көмүр өндүрүү 1940жылга салыштырганда 3,1 эсе өскөн. 1976-ж. Кыргызстанда 11 көмүр өндүрүп алуучу ишкана иштеген. Республикабызда негизинен күрөң көмүр казылып алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү