Көмөлдүрүк – ат жабдыктарынын бир атрибуту; өргө бастырганда ээр токумду артка жылдырбоо үчүн колдонулат. Көбүнчө ат минүүдө пайдаланылат жана ал кайыштан жасалат. Мингичтин омуроосунан алып, бир учу ээрдин аттанар жагындагы чагаракка, башка учу экинчи жактагы тогоого бекитилип, үчүнчүсү мингичтин эки астынкы бутунун ортосунан өткөрүлүп, басмайылга бекитилет . Көмөлдүрүктүн олоң тили, жүрөкчөсү, учундагы кош сүзмөсү чагарактар аркылуу туташкан. Көмөлдүрүктүн капталдары кайыштан чачыланып, үстү күмүш, жез, темир, коло купалар, чорлор, солондор менен аземделип кооздолгон. Кыз-келиндердин ээр-токумундагы Көмөлдүрүк мыкты терилип согулган жана чачы чыгарылган сызмадан да жасалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү