Көпөн дөбө мүрзөлөрү – орто кылымдарга таандык eнисей кыргыздарынын дөбө мүрзөлөрү. Түштүк Сибирдеги енисей кыргыздарынын 8–9-кылымдын 1-жарымындагы Чаатас маданиятынын мезгили. Эстеликтер Енисей дарыясынын сол жээгинде Көпөн кыштагынын жанында жайгашкан. Негизинен бул эстеликтерге көрүстөндөр тобу кирет. Көрүстөндөрдүн чет жакалары тигинен орнотулган таш такталар менен коргондолуп, үстүлөрүнө таш жана топурак үйүлгөн. Аттуу-баштуу адамдардын көрүстөндөрүнүн түштүк-чыгыш тарабына таш мамылар орнотулуп, маркумдун эрдигин, жашоосун даңазалаган эпитафиялык (кошок сымал) жазуулар берилген.

Алар байыркы енисей кыргыз тамгалары менен жазылган. Дөөлөттүү адамдардын көрүстөндөрүнүн жанына, анча терең эмес чуңкурларга жаш балдардын, кулдарынын өрттөлбөгөн сөөгү коюлган. Ошондой эле жөнөкөй адамдардын өрттөлгөн күлүн өзүнчө чуңкур казып, буюм-тайымдары менен чогуу көмүшкөн. Бул доорго мүнөздүү күмбөздөрдүн айланасына атайын казылган жашыруун «салыктар» көмүлгөн. Анда маркумга арналган кооз буюмдар, колдонгон согуш куралдары коюлган. Маркумдардын көрлөрүнө узун моюндуу кумура, ваза, алтын, күмүштөн жасалган чөйчөк жана жалпак табактар коюлган.

Күмүш табактын ичине коюлган алтын кумуранын экөөнө өсүмдүктөрдүн сүрөтү, оймо-чиймелер жана укмуштуу куштун балыкты тыткылап жеп жаткан сүрөтү түшүрүлгөн. Калган экөөнүн боорунда оймо-чиймелер жок, бирок алардын түбүнөн руна сымал (кыргыз жазуусу) жазуусунда «кожоюнга тартуу кылынган белек» деген сөздү окууга болот. Күмүш табактын бетине гүлдөрдүн сүрөтү түшү-рүлгөн. Байыркы кыргыз эн тамга белгилери да чегилген. Табылган күмүш буюмдарга артына бурулуп доңузду жана жолборсту жаа менен атып жаткан чабандес, илбирс жана башка майда жырткыч айбандардын чабандестен качып бара жаткан сүрөттөрү тартылган. Көпөн дөбө мүрзөлөрүнөн табылган буюмдар, андагы сүрөттөр, жазуу, эн тамга белгилери Кыргыз мамлекетинде маданият жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн айгинелейт.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү