Көп бурчтук
Көп бурчтук (орус. многоуго́льник) - туйук сынык түз сызыктар менен чектелген жалпак фигура. Сызыктар - жактары, сызыктардын сынган жерлери - чокулары деп эсептелип, чокуларынын санына жараша: үч бурчтук, төрт бурчтук, беш бурчтук, көп бурчтук деп аталышат.