Көп жылдык өсүмдүктөр – эки жылдан ашык жашаган дарак, бадал, ошондой эле чөп жана чала бадал өсүмдүктөр. Алар белгилүү жашка жеткенден баштап, көп жолу, көбүнчө жыл сайын (поликарп өсүмдүктөр) гүлдөп, мөмө берүүгө жөндөмдүү. Айрымдарынын жалбырагы бир нече жыл бою түшпөйт (дайыма жашыл өсүмдүктөр), кээ бириники жагымсыз шартта (кыш, кургакчылык ж. б.) жалбырагын күбүйт. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн жер үстүндөгү органдары кышкысын, кургакчылыкта куурап, жер астындагы бөлүгү – тамыр-сабагы, азык-тамыры, пияз түбү, тамыры ж. б. жашоосун улантат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү