Көп маанилүү логика – тутумуна экиден ашык элементтен турган чын маанилердин көптүгүн (эки гана маани – «чын» жана «жалган» орун алган учур эки маанилүү классикалык логика) жалпысынан ар кандай чектүү жана чексиз маанилердин көптүгүн туюндуруучу логикалык система.

Алгачкы мындай система – сүйлөмдөрдүн үч маанилүү логикасы жана сүйлөмдүн маанилүү логикасы Лукасович (1920 ж.) жана Э. Пост тарабынан түзүлгөн. Азыркы учурда бир катар көп маанилүү логикалык система түзүлгөн менен алардын философиялык жана структуралык жактары изилденүүдө.

Көп маанилүү логика мейкиндигинде ар түрдүү жалпы логикалык жана атайын илимий маселелерди чечүүнү көздөгөн иштер бар.
Мисалы: Лукасевичтин үч, төрт маанилүү логикалык сүйлөмдөрү – модалдык логика түзүү максатында, Д. А. Бочардын үч маанилүү эсептөөсү – классикалык, математикалык логиканын парадокстарын чечүү максатында түзүлгөн. Көп маанилүү логика тиркемеси квант механикасын (Г. Биркгофтун, Ж. Неймандын, Рейхенбахтын эмгектери), жана релейлүү схеманын теориясын (А. И. Шестаковдун, Г. Моисилдин ж. б. иштери) негиздөөгө багытталган.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8