Көп мүчө, полином – чектелген сандагы бир мүчөлөрдүн алгебралык суммасы. Бир мүчө Көп мүчөнүн жеке учуру катары каралат. Көп мүчөсүнүн курамына кирген ар бир кошулуучу анын мүчөсү деп аталат. Көп мүчө мүчөлөрүнүн санына жараша эки мүчөлүү, үч мүчөлүү ж. б. болуп бөлүнөт. Көп мүчөнү кыскартып жазууда милдеттик белги (символ) колдонулат. Алсак, бир гана х өзгөрмөсү бар Көп мүчөнүн үлгү катары алынган (стандарттык) түрү f(x)=a0x +a1x + ... an–1x+an деп жазылат, мында aо, a1, ..., an–1 көп мүчөнүн берилген коэффиценттери, ошону менен бирге aо ≠ деп алынат. Эгер aо=0 болсо, анда Көп мүчө деп аталат; n ( n ϵN) саны Көп мүчөсүнүн даражасы, ал эми Көп мүчөнүн чоң мүчөсү–a xn. Көп мүчөнүн бирдей даражадагы окшош кошулуучулары анын бир өңчөй мүчөлөрү деп аталат. Андай окшош мүчөлөрүн кошуп же алып өзгөртүү ал бир өңчөй мүчөнү Көп мүчөгө келтирүү деп айтылат. Көп мүчө даражасы боюнча 1-, 2-, 3 ж. б. даражалуу деп бөлүнүп, алар сызыктуу, квадраттык, кубдук ж. б. болуп айырмаланса, ага кирген өзгөрмөлөрүнүн санына жараша бир өзгөрмөлүү, эки өзгөрмөлүү–бинардык, үч өзгөрмөлүү–тернардык Көп мүчө деп аталат. Мисалы, f(x, y, z)=x2+y2+ +z2–xy–yz–xz үч өзгөрмөлүүсү (тернардык) бир өңчөй квадраттык Көп мүчө болот. f(x)=0 түрүндөгү алгебралык теңдеменин тамыры бир өзгөрмөлүү f(x) Көп мүчөнүн тамыры деп аталат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү