Көп сандагы адамдарды көтөрүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—8 киши.
Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар тегерек болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ортого чыгышкандан кийин, тегеректеги оюнчулар ага бирден жыгылып калгыча, минишип, асылышып, отурушуп турушат. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп сандагы адамдарды жыгылбай көтөргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Жатып көп сандагы адамдарды көтөрүү, жатып үстүнөн араба өткөрүү, жатып үстүнөн машина өткөрүү.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Ортодо турган оюнчуларга кыймылдоого, басууга, минген оюнчуларга, буттарын жерге тийгизүүгө, атайын кыймыл жасап, ортодогу оюнчуну тең салмагынан чыгарууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, башка буюмдарсыз болушу керек. Оюнчулардын макулдашуусу боюнча, оюнда бакандарды, тактайларды колдонсо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч тарбияланат, чыдамкайлыкка, оордуктарды көтөрүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү