Көп өлчөмдүү геометрия – үчтөн көп өлчөмдүү (өлчөө саны үчтөн көп) мейкиндик геометриясы. Көп өлчөмдүү геометрияны 1746-ж. немец философу И. Кант киргизген. Курчап турган мейкиндик үч өлчөмдүү, тегиздик эки өлчөмдүү, түз сызык бир өлчөмдүү болот. Геометрия алгач үч өлчөмдүү учур үчүн изилденип, кийин гана n>3 өлчөмүндөгү учур үчүн, б. а. евклид мейкиндиги, ошондой эле лобачевский, лиман, проекциялык, аффинылык мейкиндиктерге «Көп өлчөмдүү геометрия» термини колдонула баштаган. Элементардык геометрияда каралган кадимки евклид мейкиндиги – үч өлчөмдүү, ал эми n – өлчөмдүү евклид мейкиндиги Көп өлчөмдүү геометрияда каралат, мында n – ар кандай натуралдык сан. Кадимки евклид мейкиндигиндеги чекиттин абалы үч тик бурчтуу координата боюнча аныкталгандай n – өлчөмдүү евклид мейкиндиктеги «чекиттин» абалы х1, х2, ... , xnn координата аркылуу берилет. n – өлчөмдүү евклид мейкиндигиндеги эки чекиттин М(х1, х2, ... , х2 ) жана М'(у1 , у2 , ..., уn ) ортосундагы аралык төмөнкү формула боюнча аныкталат: р= √ (х1-у1)2+( х2-у2) 2+...+(хn-уn) 2 , мында р – эки чекиттин ортосундагы аралык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү