Көрксүз
Көрксүз (орус. Безобразный) – эстетикалык категория, сулуулуктун антитезиси (тескери мааниси) катары пайдаланылат. Болмуштун терс маанилеринин чогултмасы.
Байыркы грек метафизикасында болмуштун жоктугу, жамандык түшүнүгүнө жакын болгон. Орто кылымдагы христиан маданиятында көрксүз эки мааниге ээ болгон:
1. Ааламдын жашоосунун күнөөлүүлүгүн далилдеген.
2. Кудайды таануу мүмкүн эместигин түшүндүргөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүМамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8