Көркөм гимнастика – спорттун бир түрү; аялдардын гимнастика жана бий айкалыштырылган түрдүү ийилме жана ыкчам кыймылдары музыканын коштоосу жана тасма, топ, аркан сыяктуу буюмдун жардамы менен, кээде ансыз эле аткарылуучу мелдеши. Көркөм гимнастиканын дене чыңдоо менен катар эстетикалык тарбия берүүдө да мааниси чоң. Дүйнөнүн чемпионаты 1963-жылдан 2 жылда бир өткөрүлөт. Кыргызстандын спортчулары 1968жылдан СССРдин биринчилигине катышкан. Республикада Көркөм гимнастиканын Л. Иванова, Л. Абдукаримова, Л. Войтюк, И. Литвинова ж. б. өңдүү чеберлери бар. 1984-жылдан Олимпиялык оюндардын программасына киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү