Көркөм искусство – өзөгүндө бизди курчап турган чындык кубулуштарынын, биринчи кезекте коомдогу адам турмушунун, адамдык мамилелердин бардык жыйындысын, мүнөздөрдү, баштан өткөн окуялардын көркөм чагылдыруусун камтыган коомдук аң-сезим формаларынын бири. Курчап турган чындыктын көркөм чагылдырылышы көз менен көргөн образдарда (көркөм сүрөт искусствосу), үн коштоосунда (музыка), сөздө (көркөм адабият) көркөм искусствонун кээ бир түрлөрүнүн синтези менен (театр, кино) ишке ашат; көркөм чагылдыруу өзгөчө көркөм милдеттерди тикеден-тике утилитардык (материалдык пайдасы бар) нерселер менен да айкалыштыра алат (архитектура, турмушта колдонулуучу кооз буюмдар көркөм искусствосу. К. и. өзүнүн бардык түрлөрүндө адамдардын аң-сезимине эң күчтүү тарбиялык, идеологиялык таасир тийгизе алат, алардын коомдук жана адеп-ахлактык идеалдарынын калыптанышына көмөк көрсөтөт, алардын сулуулук тууралуу ой-жүгүртүүсүн бекемдейт, сезимдерин өстүрөт жана аларды чагылдырып гана тим болбостон, ошону менен бирге бизди курчап турган чындыкты да өзгөртөт. К. и-нун багыттуулугу, мына ушул кайра куруучу таасиринин максаты ар бир тарыхый доордо, анын түпкү эсебинде коомдун материалдык керектөөлөрү менен аныкталып турат. К. и-нун өнүгүүсүндө бирден-бир болбосо да аныктоочу роль экономикалык факторго таандык (тикеден-тике К. и-го саясый түзүлүш, диний философиялык көз караштар таасирин тийгизет). Ошондуктан К. и. коомдук аң-сезимдин башка формалары менен бирдикте базистин үстүнөн болгон идеологиялык надстройканын функциясын аткарат. Таптык коомдо К. и. таптык мүнөздө болот. Эгерде К. и. реалисттик ыкмада турса, эстетикалык көз караштардын белгилүү бир таптык системасынын алкагында өнүгүү менен, ошол эле учурда эмгекчи элдин тажрыйбаларынан жаралган идеялар чөйрөсүнөн кол үзбөсө, мында алар кийинки муундар үчүн көпкө чейин өзүнүн маанисин сактап калат жана алардын жандуу кызыгуусун туудурат. К. и-нун элдүүлүгү, К. и-нун тарыхый өнүгүүсү үзгүлтүксүз өсүүчү гана линияда болбойт; ал бир калыпта эмес, башкача айтканда К. и-нун гүлдөп өнүккөн доору салыштырмалуу түрдө материалдык өнүгүүнүн эң төмөнкү баскычында да болушу мүмкүн (мисалы, антик  К. и-су). Таптык коомдогу экономикалык процесс дайыма эле көркөм прогресс менен байланыштуу эмес. К. и. үчүн ыңгайлуу шартты бийликке умтулган алдыңкы тап түзүшү мүмкүн, себеби бул тарыхый баскычта анын жеңиши кеңири эл массасын кызыктырат. Коомдук өнүгүштү артка тарткан, деградацияланган тап реалисттик К. и-ну жарата албайт. К. и-нун гүлдөп өнүгүшүндө андагы реалисттик традициялар, улуттук кайталангыс өзгөчөлүк жана көркөм өнүгүүнүн өз алдынчалыгы зор мааниге ээ.

Көркөм искусство дүйнөсү” – XIX кылымдын 90-ж. экинчи жарым жылдыгында калыптанган эстетикалык талаптарды сүрөтчү-көчүп жүрүүчүлөрдүн реалисттик принциптери менен традицияларына каршы койгон сүрөтчүлөрдүн петербургдук бирикмеси. Анын бүт ишмердиги («К. и. д.» деп аталган журналынын чыгышы менен бирдикте) демократиялык реализм менен реалисттик эстетикага каршы күрөшкө багытталган болчу. Бирикме Батыштын буржуазиялык маданиятынан багыт алган жана «таза көркөм өнөрдү» жарыя кылган. «К. и. д.» башкы катышуучулары А. Н. Бенуа, К. А. Сонова, Л. С. Бакста жана башка көркөм практикасында турмуштан четтеп, өткөндү субъективдүү кабыл алуу тенденциялары, стилдештирүү белгилери, сырткы кооздук орун ала баштаган. Муну менен бирге бирикменин кээ бир сүрөтчүлөрү В. А. Серов, И. И. Левитан, Д. Н. Кардовский, Е. Е. Лансере, А. П. Остроумова-Лебедева жана башка реализмдин негизги принциптерине берилген бойдон кала беришкен. Китепти көркөм жасалгалоо жана театр жасалгалары жаатында «К. и. д.» бирикмесинин иши көп учурда ийгиликтүү жана маанилүү болгон. Октябрь революциясынан кийин (бул бирикменин негиз салуучуларынын көпчүлүгү чет мамлекеттерге көчүп кетишкен. «К. и. д.» көргөзмөлөрүндө формалисттик багыттагы, т. а. «Момун балтанын» мурунку катышуучулары – жаш живописчилердин чыгармалары көрүнүк­түү орун ээлей баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү