Көркөм сүрөт академиялары

Көркөм сүрөт академиялары – пластикалык иск-вонун илимий-чыгармачылык мекемеси; жогорку көркөм сүрөт мектеби. 16-кылымда Италияда пайда болгон Көркөм сүрөт академиясы антика искусствосун – Кайра Жаралуунун улуу чеберлеринин ыкмаларын таанып-изилдеген жана сүрөттү искскусствонун башаты катары аздектеген сүрөтчүлөрдүн эркин бирикмеси болгон. 1648-ж. Парижде негизделген алгачкы Живопись жана скульптуранын королдук академиясы француз искусствосунун өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. 17–18-кылымдарда Париж академиясынын үлгүсүндө бир катар Европа мамлекеттеринде (Венада, 1692; Берлинде, 1694; Лондондо, 1768). Көркөм сүрөт академиясы түзүлгөн. Россияда 1757-ж. Петербургда негизделген. 1933-ж. Жогорку окуу жайы болуп эсептелген Бүткүл россиялык Көркөм сүрөт академиясы ачылып (Ленинградда) – 1947-ж. СССР көркөм сүрөт академиясы түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын улуттук Көркөм сүрөт академиясы 1995-ж. Бишкекте ачылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү