Көркөм сүрөт искусствосу

Көркөм сүрөт искусствосу – көз менен көрүп, кабылдаган жана көзгө көрүнгөн дүйнөнү тегиздик менен мейкиндикте сүрөттөөгө байланыштуу көркөм искусство. Буга живопись, графика, скульпторлук кирет. Көп учурда көркөм сүрөт искусствого архитектура менен көркөм искусствонун бүт тармагын киргизишет, себеби алардын чыгармалары көзгө көрүнгөн зор мейкиндикке ээ. Бирок архитектура менен көркөм искусствонун көпчүлүк бөлүгү (мисалы, турмуш-тиричилик буюмдары – эмерек, кийим, идиш-аяк жана башкалар) живопись, графика, скульпторлуктан түптамырынан бери айырмаланат. Себеби курчап турган чындыкты образдуу чагылдыруу ар кандай кубулуштарды толугу менен кайра сүрөттөө мүнөзүнө ээ эмес жана алдына максат кылбайт. Өзүнө мейкиндик жана мезгилдик байланышты айкалыштырган, көз менен көргөн образды кулак менен уккан нерселер менен айкалыштыруучу (мисалы, кино, театр) көркөм искусство түрлөрү көбүнчө К. с. и-суна киргизилбейт. Анткени булар көркөм искусствонун синтездик (аралаш) түрлөрү болуп саналат. К. с. и-сунун предметтик дүйнөнү тикеден-тике кабылдоосунан бир гана аларга таандык эстетикалык сапаттардын бир нече катарлары келип чыгат: алар – чыныгы турмушту кандай жандуу туюндурса, ошондой чагылдыра билүү мүмкүнчүлүгү, кубулуштардын бир нече катарын бир убакта жанаша жашоодо көрсөтүү, адамдын жекече сырт көрүнүшүн жогорку чектеги тактыкта сүрөткө тартып калуу жана башкалар. Ошентсе да К. с. и. окуянын өнүгүүсүн ошол мезгилге ылайык көрсөтөт албайт, бирок бул аны ар кандай идеяларды, ойлорду, татаал түйшүк­төнүүнү, турмуштук коллизияларды чагылдыра албайт дегендикке жатпайт. К. с. и., кээ бир идеалисттик эстетика жактоочулары айткандай, ар кандай нерселердин сырткы көрүнүшүн гана чагылдырат деген туура эмес. К. с. и. бизди курчап турган чындыкты анын бардык өнүгүш формаларында таанып билүүгө жана чагылдырууга жөндөмдүү жана бул татаал идеяларды көзгө көрүнгөн образдар аркылуу берет. Ошондуктан К. с. и. убактылуу деп аталган көркөм искусствого караганда коомдук-саясый тарбиялык кеңири мүмкүн-чүлүктөргө ээ. К. с. и-сунун спецификалык (өзгөчө) көркөм каражаттарына сүрөт, түс, пластика, жарык шаңы кирет жана алар көзгө көрүнгөн предметтерди сүрөттөп көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. К. с. и-сунун ар кандай түрлө­рүндө бул көркөм каражаттар ар кандай деңгээлде жана катышта колдонулат (мисалы, скульпторлук предметтин көлөмдүү, пластикалык сапаттарын берет; сүрөт анын көмөкчү каражаты катары кызмат кылат; ал эми түс негизги ролду ойнобойт, скульпторлук эле өз объекттеринин түстүк мүнөздө­мөсүнө анча көңүл бурбайт). Графика менен живопистин негизин сүрөт түзөт, бирок ал ар кандай сапаттык мааниде колдонулат, мисалы, графикада, эреже катары, сүрөт тикелей жана «жылаңач» катышат, ал эми живописте ал сүрөт толуп жаткан нерсенин түстүү кооз мүнөздөмөсүнө куюлушуп кошулуп кетет. К. с. и-сунун түрлөрүнүн тарыхый өнүгүү процессинде кээ бир көркөм каражаттарды пайдалануу ченеми жана мүнөзү өзгөрөт, бир эле түрдүн ичинде алар ар башкача болуп өзгөрүшөт (мисалы, графикалык сүрөттөөлөр аз же көп деңгээлде жарык шаңынын бир түстөн экинчи түскө ырааттуу өтүшүн (градацияларын) же чет сызыктарды (контурдук линияларды) ачык көрсөтө алышат, жана башкалар). Реалисттик К. с. и. бардык учурда материалдык предметтердин учурдагы чыныгы объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн чагылдырууга умтулат жана ошону менен бирге бул предметтерди пассивдүү көчүрмө­лөөдөн качат, бүт каражаттарын сүрөтчүнүн идеясы менен бирдикте предметтердеги эң негизги нерселерди баса белгилөөгө, аларга өзгөчө көңүл бурдурууга жумшайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү