Көрүнүү, көрүнүш (орус. Видимость или кажимость)– материалдык дүйнөнүн кубулуштарын, заттардынн сырткы көрүнүшүнүн бир тарабынын маани-маңызын сезүү органдарынын тикеден-тике чагылдырылышы.

Көрүнүү, көрүнүмүш адамдын сезүү органдары менен заттык өз ара аракетинин натыйжасы катарында өзүнчө объективдүү элементтерди гана эмес, адам, субъект алып келген элементтерди да камтыйт, андыктан көрүнүү, көрүнүмүш субъективдүү менен объективдүүнүн биримдиги болуп саналат, бул өз кезегинде объективдүүлүгү менен айырмаланган кубулуштан айырмалайт.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8