Көрүү органы – жаныбар жана адамдын жарык сезүү органы. Омурткасыз жана бардык омурткалуу жаныбарда болот. Көп клеткалууларда жарык сезгич клеткалар (фоторецепторлор) Көрүү органдарынын негизги элементи болуп эсептелет. Көпчүлүк жаныбардын көзү башында жайгашып, көрүү нерви аркылуу мээ менен байланышкан. Эң жөнөкөй Көрүү органы дененин үстүңкү бетиндеги эпителий клеткаларынын арасында жайгашкан өзүнчө көрүү клеткаларынан турат. Мындай органдар караңгыны жарыктан гана айырмалайт (мисалы, сөөлжандыкы). Көрүү органдарынын татаалданышы эволюция процессинде чачкын көрүү клеткаларынын чогулушунан, пигмент экрандарынын, ошондой эле жарык сындыруучу, аккомодациялык, көздү кыймылдатуу, коргонуу ж. б. ыңгайлануулардын калыптанышынан пайда болот. Татаалданган Көрүү органдары ыйлаакча же кээде алардын көңдөйү жарык чагылтуучу килкилдек зат менен толгон. Айрым моллюскалардын, муунак буттуулардын Көрүү органдарынын диоптрий жана жарык чагылтуучу аппараты болот. Кээ бир муунак буттуулардын Көрүү органдары өзүнчө айрым көзөнөкчөлөрдөн туруп, фасеттүү көздү түзөт. Организм Көрүү органдары аркылуу объектилерден чагылган жарыктарды, шоолаларды баамдоо менен тышкы дүйнөнү кабыл алат, б. а. тышкы дүйнө жөнүндө маалымат алат. Кишинин жана бардык омурткалуулардын (айрыкча куштар), кээ бир омурткасыздардын Көрүү органдары мыкты өөрчүгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү