Көрүү сезими - организмдин көрүү органы (көз) аркылуу объектилерден чагылган жарыктарды, шоолаларды баамдоо менен тышкы дүйнөнү кабыл алышы, б. а. тышкы дүйнө жөнүндө информация алышы.

Clynotis severus.

Көрүү сезими аппараты көздө жайгашкан. Жарык көздүн фоторецептору аркылуу туюлат. Көрүү пигменти жарыктын квант энергиясын нервдик сигналдарга айлантат. Кабыл алынып жаткан жарыктын көлөмү пигменттерди сиңирүү спекторуна байланыштуу. Киши 400 - 700 мм толкун агымындагы жарыктын электр-магниттик таралышын кабыл ала алат, ал эми курт-кумурска ультракызгылт көк шооланы (300 мм ге чейин) кай бир кескелдириктер инфракызыл нурларды ажырата алышат.

Жаныбарлар эволюциясында Көрүү сезими жарыкты ажырата билүү жана анын багытын аныктоо мүмкүнчүлүгүнөн ар кыл элестерди ажыратьш-талдап билүүгө чейинки татаал жолду басып өткөн.

Көрүү сигналдарын кабыл алуу, баамдоо жана сүрөтчөлөрдү талдоо көрүү системасынын бардык катмарында ишке ашырылат. Киши тышкы информациянын 80% га чамалуусун Көрүү сезими аркылуу кабыл алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.