Көсөө, Араван району
Көсөө, Араван району – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 580 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 17 км түндүк-батыш тарапта. Асаке темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 19-кылымдын аяк ченинде орношкон. Калкы 2293 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, оорукана жана дарыкана бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9