Сактанов Көчкөн Мидинович

Көчкөн Сактанов‎»‎ барагынан багытталды)

Көчкөн Сактанов - жазуучу, драматург[1].

Көчкөн Мидинович Сактанов
Туулган датасы:

10 -октябрь 1942(1942-10-10)

Туулган жери:

Кең-Жылга айылы, Алай району, Кыргыз АССР, ССРС

Өлгөн датасы:

20 -май 2018(2018-05-20) (75 жаш)

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Көчкөн Сактанов 1942-жылы 10-октябрда Алай районуна караштуу Кең-Жылга айылында туулган.

1967-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүнө өткөн.

Эмгек жолун 1959-жылы Көкжаңгак шахтасында электровоздун машинисти болуп иштөө менен баштаган. 1968-жылдан Кыргыз ССРинин ИАсынын Тил жана адабият институтунда адегенде кенже, кийин улук илимий кызматкер, 1977-жылдан Кыргыз ССРинин Мамтелерадио комите-тинде редактор, 1980-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1983-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясынын көркөм сценариялык коллегиясында редактор, Мамлекеттик филармониясынын адабият бөлүмүнүн башчысы жана «Азаттык» уналгысынын Кыргызстан боюнча кабарчысы болуп эмгектенип, кийин Кыргыз-Түрк Манас Университетинде баш окутуучу болуп иштеген.

1968-жылы «Үчөөнүн жүрөгү» аттуу алгачкы повести басылып чыккан. К.Сактановдун «Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам» жана Төлөгөн Касымбек менен тең авторлукта жазылган «Курманжан датка» аттуу драмалары бир катар кыргыз драма театрларында коюлган.

1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

2018-жылдын 20-майында узакка созулган оорудан улам көз жумган[2][3].

Жарык көргөн китептери

түзөтүү
  • Үчөөнүн жүрөгү: Повесть: – Ф.: Мектеп, 1968. – 147 б.
  • Апама кат: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1971. – 59 б.
  • Умтулуу: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1974. – 50 б.
  • Адат азабы: Роман. – Ф.: Мектеп, 1978. – 166 б.
  • Адат азабы: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 264 б.
  • Мурас: Ангемелер, повесттер.-Ф.: Мектеп, 1984.-208 б.
  • Адат азабы: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 670 б.
  • Маркумдар үнү: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1991. – 450 б.
  • Сталинден кийинки заман: Роман. – Б.: Учкун, – 650 б
  • Чөөлөрдүн заманы: Роман. – Б.: Учкун. – 350 б.

Булактар

түзөтүү
  1. Көчкөн Сактанов — өмүр баяны, Sputnik Кыргызстан (07.06.2023).
  2. Жазуучу Көчкөн Сактанов дүйнө салды, Азаттык үналгысы (20.5.2018).
  3. Жазуучу, драматург Көчкөн Сактанов дүйнөдөн өттү, ПолитКлиника.