Көчмөнчүлүк (номадизм) — калктын жана малдын сезондуу жылып жүрүшү менен байланышкан, экстенсивдүү мал чарбачылыкка негизделген чарбанын жана турмуш-тиричиликтин формасы. Көчмөнчүлүк шартында мал чарбачылыгы көчмөндөрдү эт, сүт азыктары, үй, кийими даярдалуучу чийки заттар менен камсыз кылган. Негизинен, көчмөн мал чарбалыгы менен кесиптенген көчмөндөр аны аңчылык, отурукташпаган жөнөкөй дыйканчылык, кол өнөрчүлүк жана башкалар менен толукташкан. Мал чарбалыгы жападан жалгыз чарбалык иш болгон «таза» көчмөнчүлүк эч качан болгон эмес. Көчмөнчүлүк б.з.ч. ІІ-І миң жылдыктын чегинде Евразия менен Түндүк Африканын кургак зоналарында пайда болуп, узак мезгилдер бою сакталып келет, ал турсун Евразиянын түндүгүнө чейин бугучулук формасында тараган. Азыркыга чейин көчмөнчүлүк Азия, Африканын 30дан ашык өлкөлөрүндө (Судан, Египет, Сауд Аравия, Йемен, Иран, Ирак, Сирия, Иордания, Турция, Афганистан, Пакистан ж.б). сакталып келет. Көчмөнчүлүктүн узак убакыттар бою сакталып калышы Чыгыш жарым шардын талааларындагы, кургак жана түндүк зоналардагы табигый, ошондой эле, социалдык-экономикалык факторлор менен шартталган. Бул аймактарда өндүргүч күчтөрдүн деңгээлинин төмөндүгүнө байланыштуу дыйканчылык өнүккөн эмес жана ал чарбанын негизи боло алган эмес. Ошону менен бирге, байыркы мезгилде эле башталган көчмөндөрдүн отурукташуу процесси соңку мезгилде рыноктук (капиталисттик) мамилелердин улам күчөгөн таасиринин астында бир кыйла ылдамдады жана дүйнөнүн көптөгөн райондорунда экстенсивдүү мал чарбалыгы кризиске кабылып жок болду. Көчмөнчүлүктүн ордунда комплекстүү айыл-чарба шарттарында өнүгүп жаткан интенсивдүү отурукташкан мал-чарбачылык пайда болду. Көчмөнчүлүк көчмөн, жарым көчмөн жана жарым отурукташкан формаларды камтыйт. Көчмөндүктүн да түрдүү тармактары бар: табордук көчүү, белгилүү маршрут боюнча туюк циклдеги көчүү. Мында туруктуу тамы жок кыштоолор болот, мал жыл бою бир нече километрден жүздөгөн километрге чейинки алыстыкка айдалып барышы мүмкүн. Жарым көчмөндөргө бүт үй-бүлөсү менен туюк маршрут боюнча сезондуу көчүп жүргөн жана кыштоосунда туруктуу тамы бар чарбалар кирет. Жарым отурукташкан көчмөнчүлүккө жылына эки эле жолу көчкөн (кыштоодон жайлоого жана кайра) кыштоодо да, жайлоодо да туруктуу тамы бар чарбалар кирет. Илимий адабияттарда мал чарбачылыкты башкача типологиялаштыруу да сунуш кылынган. Көчмөнчүлүктө бир нече чарбалык-маданий тип мүнөздүү. Н.Н.Чебоксаров жана башка изилдөөчүлөр төрт ЧМТ (чарбалык-маданий типтерди) көрсөтүшөт: 1) талаа жана жарым чөл көчмөн малчылары (байыркы мезгилде: скифтер, хуннулар ж.б; азыркылардан моңголдорду жана башкаларды айтууга болот; 2) бийик тоо жайыктарындагы көчмөн-малчылар (мисалы, тибеттиктер). 3) тайгадагы аңчылар жана бугу багуучулар (мисалы, эвенктер жана башкалар): 4) тундра бугу багуучулары (ненецтер, чукчалар жана башкалар). Талаа жана жарым чөл көчмөн малчылардын чарбалык маданий тибине бир катар локалдык варианттар мүнөздүү: Борбордук Азиялык, Орто Азиялык, Алдыңкы Азиялык, Араб-Африкалык, Түштүк Африкалык жана башкалар. Этнограф С.И.Вайнштейндин пикири боюнча кѳчмѳн малчылар үчүн төмөндөгүдөй чарбалык маданий типтерди бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) Алдыңкы Азия жана Түндүк Африка, субтропикалык алкактын арид зоналары. Булар негизинен араб элдеринде таралган. 2) Евразиянын мелүүн алкагындагы кургак зонада түзүлгөн; негизинен түрк-монгол элдеринде жаралган (экѳѳ тең кѳп түрдүү географиялык шарттарда калыптанган жана маданияттары бир топ айырмаланат). Кѳчмѳндѳр бүткүл дүйнөлүк тарыхый процессте маанилүү ролду ойногон; согуштарда жана маданий-чарбалык ѳз ара карым-катнашта Евразиянын кѳптѳгѳн жарым отурукташып, дыйканчылык кылган элдерине бир топ таасирин тийгизген. Алдыңкы, Борбордук жана Орто Азиянын, Чыгыш Европанын, Түндүк Африканын этносторунун калыптанышына бир кыйла таасир берген (кѳчмѳндѳр таасир берген элдердин улуу көчүүсү жана башка ири миграциялар). Көчмөнчүлүктүн пайда болушу жөнүндө бир нече кѳз караш бар. Кѳпкѳ чейин көчмөнчүлүк эң алгачкы ирет жаныбарларды колго үйрөткөн аңчыларда пайда болуп, көчмөндөрдүн башка варвардык уруулардан бөлүнүп чыгышына жана эмгектин алгачкы коомдук бөлүнүшүнө алып келген деген кѳз караш үстөмдүк кылган. Бул кѳз караш учурда бир катар илимпоздор тарабынан четке кагылган. Көпчүлүк изилдөөчүлөр (М.Грязнов, С.Руденко, К.Йеттмар, Г.Марков жана башкалар) көчмөнчүлүк коло доорунун аяк ченинде тоолуу талааларда айдап мал баккан комплекстүү, отурукташкан дыйканчылык чарбанын базасында пайда болгон деген кѳз карашты айтышат. С.Вайнштейн көчмөнчүлүк коло доорунда Евразиянын отурукташкан дыйкан-малчылар жайгашкан токойлуу-талаа жана арид зоналарга чектеш аймактарда жашаган, кыдырып аңчылык кылуучу элдерде пайда болгон деген гипотезаны сунуш кылат. Кыдырып аңчылык кылгандар дыйкан-малчылардан үй жаныбарларын, баарынан мурда жумуш күчүн пайдалануу үчүн (бедуиндердин ата-бабалары алгач эшекти, кийин төөнү; Евразиянын талаа көчмөндөрүнүн ата-бабалары - алгач жылкыны, кийин майда мал жана бодону, Түндүк Евразиянын элдери - бугуну) алышкан жана бара-бара кѳчмѳн малчылыкка, анын ичинде бугучулукка өтүшкөн да, материалдык, рухий маданияттын кѳчмѳн турмушка ыңгайлашкан элементерин сактап калышкан. Ошону менен бирге, кѳчмѳндѳр аймакташ жашаган, отрукташкан дыйканчылык менен кесиптенишкен элдерге түрдүү жолдор менен таасир беришип (согуш, баш ийдирүү, узак бою жүргөн терең байланыш), аларды да көчмөнчүлүккө түртүшкөн. Кыдырып жүрүп аңчылык кылган элдердин отурукташкан кошуналарынан үй жаныбарларын кабыл алуу процесси Байыркы Чыгыштын эстеликтеринде, Түндүк Америка прерияларындагы аңчы уруулардын Европадан көчүп келгендерден жылкыны алып өздөштүрүшү, Сибирдеги бир катар аңчы уруулардын бугучулукка өтүшү ж. б. жөнүндөгү маалыматтарда чагылдырылган. Ошону менен бирге, көчмөн малчылыктын пайда болушунун, балким, башка да жолдору, тарыхый-экономикалык шарттары болгон чыгаар. Аны болочок илимий иликтөөлөр тастыктаары талашсыз. Көчмөнчүлүк калыптанган байыркы талаа көчмөн урууларын (скифтер, гунндар мезгили) эрте көчмөндөр деп, ал эми материалдык маданияттын көчмөн формаларын толук калыптандырган (боз үй, үзөңгүлүү ээр жана башкалар) эрте орто кылымдардагы малчы элдерди кечки көчмөндөр деп аташат. Этнография көчмөндөрдүн салттуу маданиятынын пайда болушун, анын жалпы жана өзгөчөлүү жактарын, түрдүү этностук жолдордогу көчмөндөрдүн маданиятынын айрым компоненттеринин пайда болушун жана калыптанышын, көчмөндөрдүн чарбалык жана турмуш-тиричилик жагдайларын, алардын социалдык уюмун, нике, үй-бүлөлүк мамилелериндеги өзгөчөлүктөрдү, кошуна элдер менен болгон карым-катнаш мамилелерин, отурукташууга өтүү жолдорун, азыркы дүйнөдөгү көчмөндөрдүн тагдырын, алардын этностук составын жана жүрүп жаткан этностук процестерди жана башка маселелерди изилдейт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү