Көчмөн (тасма)
«Көчмөн» (каз. Көшпенділер, англ. Nomad, орус. Кочевник) — 18-кылымдагы эли-жери, мекени үчүн кызмат кылган Абулхаир хан, Абылай хан, Төлө бий сыяктуу тарыхый баатырлардын жашоосунун негизинде тартылган тарыхый драмалык голливуд-казак тасмасы. Тасмада мекенге болгон сүйүүсү жогорку деңгээлде чагылдырылып берилет.
Көчмөн
| |
каз. Көшпенділер / англ. Nomad / орус. Кочевник | |
Көчмөн тасмасынын постери | |
Урааны |
орус. Каждый воин, каждый народ, каждая любовь должны иметь своё Отечество |
---|---|
Жанры | |
Режиссёру |
Сергей Бодров |
Продюсери |
Рэм Бергман |
Сценарийдин автору |
Рустам Ибрагимбеков |
Башкы ролдордо | |
Оператору |
Юли Стейгер |
Композитору |
Карло Силиотто |
Кинокомпания | |
Узактыгы |
112 мүнөт |
Бюджети |
34 млн. $ |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
Мазмуну
түзөтүү18-кылым.Кытай, Орусия жана Тибет менен чектешкен казак элине жоолашкан жуңгарлар улам кол салып, малын талап, жерин басып алып турат. Казак баатыры Ораз жакын арада казак элинде баатыр туулаарын, ал казак элин, жерин душмандардан коргоп, ар жакта чачылып, өз ара жоолошуп жүргөн казак урууларын бириктирээрин алдын ала айтат. Айткандай эле казак ханы Вали Мансур аттуу уулдуу болот. Бул жөнүндө кабар алган жуңгар эли өздөрүнүн баатыры Шаришти баланы өлтүрүү үчүн жөнөтөт. Бирок, Ораз баланы сактап калып, аны атасынан сурап алат. Баланы өз колуна алган Ораз ага кошуп дагы бир топ казак баланы казак элинин келечеги үчүн күчтүү, эч нерседен тайманбас баатыр кылып тарбиялайт. Ал жакта Мансур менен кошо карапайым койчунун баласы Эрали чогуу тарбияланат. Ал экөө күч жагынан да, акыл жагынан да, айла жагынан да деңгээлдери бирдей болуп, бирге өсүп чоңоюшат. Согуш сырларын, айла-амалдарын үйрөнүп эр жетишкен эки жигит ченемсиз сулуу, акылгөй Гаухарды сүйүп калышат. Бирок, экөө тең достугун кыя албагандыктан, сезимдерин ал сулууга билдире алышпайт. Ошентип, экөө сезимин билдире албай жүргөн маалда жуңгар эли казак элине согуш ачат да, Шариш баатыр Гаухар сулууну онунчу аялдыкка алуу үчүн туткунга алат. Аны куткарууга жөнөгөн Эралини кармап алышат да, андан көп өтпөй ыйык даракка сыйынып жаткан жеринен кармалган Мансур менен жекеме-жеке урушка чыгарышат. Мансур болсо аны тааныбай жуңгар деп ойлойт да, өлтүрүп салат. Жуңгар элине өзүнүн ченемсиз айлакерлигин, баатырдык өнөрүн көрсөткөн Мансурду акыры уу берип өлтүрмөк болушканда ошол эле жакта туткунда жүргөн Гаухар куткарып чыгат. Аягында Мансур өз элин душмандардан коргоп, жерине тынчтык орнотуп, бардык казак урууларын бириктирет.
Тасманын тартылышы
түзөтүүКазак элинин тарыхы жөнүндө тасма тартуу идеясы Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан жаралган. Ал Рустам Ибрагимбековду өзүнө чакырып, сценарий жазууну сунуштайт. Сценарий даяр болгондон кийин президенттин өзү тасманын бюджетине 34 миллион доллар бөлүп, голливуд актёрлорун тасмага тартылууну сунуштайт. Тасманы алгач америкалык режиссёр Иван Пассер казак режиссёру Талгат Теменов менен биргеликте тарта баштаган. Бирок, бул өтө чоң долбоорлуу тасма болгондуктан, съёмка маалында татаал маселелер чыгат. Аны менен бирге кар жаап кирет да, режиссёр минип турган ат жыгылып кетет. Араң турган режиссёр тасманы мындан ары тарта албасын айтып, жумушун жарымынан таштап кетет. Кийинчерээк америкалык режиссёрлор уюмунан мындай татаал шартта америкалык режиссёрлордун иштей албастыгы тууралуу кат келет. Ошентип, тасма тартуу жарымынан токтоп калат. Кийинки жылы мындай татаал шартка көнгөн орус режиссёрун – Сергей Бодровду чакырышат да, тасма тарткан топтун курамын өзгөртүшөт. Бактыга жараша, тасма ийгиликтүү тартылып бүтөт. Сергей Бодров үчүн бул тасманы тартуу кыйынчылык туудурбайт. Себеби, ал аз убакыттан кийин «Монгол» аттуу тасма тартканга даярданып жүрөт жана ал тасманын мазмуну боюнча «Көчмөнгө» окшоп кетет.
Жуңгар элинин баатыры, тасмадагы терс каарман Шариштин ролун белгилүү америкалык актёр Марк Дакаскос аткарган. Шариштин ролу эң оор, эң кызыктуу ролдордун бири. Бул жөнүндө Марк Дакаскос өзү: «Менин аткарган ролум өзүмө абдан жакты. Көпчүлүк Шаришти терс каарман, начар адам катары карашат. Бирок, ал өз элине пайда келтиргенден, эли үчүн кызмат кылгандан башка эч нерсе деле кылган жок да. Себеби, Шариш катылбаганга өзү эле тийишпеген адам» деген оюн билдирген.
Каармандарда
түзөтүүАктёр | Роль |
---|---|
Жей Эрнандес | Эрали |
Аянат Эсмагамбетова | Гаухар |
Куно Бекер | Мансур |
Марк Дакаскос | Шариш |
Арчи Као | Шангрек |
Жейсон Скотт Ли | Ораз |
Дильназ Ахмадиева | Хоша |
Тунгышпай Жаманкулов | Абулхаир |
Досхан Жолжаксынов | Галдан-Цэрэн |
Эрик Жолжаксынов | Барак |
Тасманын философиясы
түзөтүүТасманын максаты биринчиден, учурда бүткүл дүйнө жүзүн тумоо сыяктуу каптап келе жаткан глобализациядан сактоо, өз элинин тээ ата-бабадан бери улантылып, укумдан тукумга өтүп келе жаткан маданият, каада-салт, үрп-адатын унутпоо. Экинчиден, улут жарандарынын, өзгөчө жаштардын патриоттуулук сезимин ойготуу, чыгаан тарыхый инсандар сыяктуу эли-жер, мекен үчүн кызмат кылууга үндөө болгон.
Эскертмелер
түзөтүүШилтемелер
түзөтүү- DVD дисктин расмий сайты Archived 2007-11-12 at the Wayback Machine
- Тасманын расмий сайты Archived 2017-01-04 at the Wayback Machine
- «Көчмөн» (англ.) Internet Movie Database сайтында
- Калып:Amg title