Көчүү – жаныбардын убактылуу жагымсыз тиричилик шартына ыңгайлашуу максатында бир азга чукул жерге орун которуусу, б. а. жаныбардын азык издөө, душманынан жашынуу, эс алуу үчүн жер тандоо түрү. Жаныбарлардын көчүүсү мезгилдик жана кокустан болушу мүмкүн. Алар кээде мурда жашаган ордуна кайтып келишет, мисалы, кашка чымчык, карга, таан ж. б. канаттуулар. Айрым учурда абдан тез көбөйүүчү түрлөрдө жапырт Көчүү жүрөт, мисалы, чегиртке, леминг, тыйын чычкан ж. б. жан-жаныбарлардын Көчүүсү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү