Бул үйдүн бир капшытын бөлүп, далдалап турган буюм. Абалы жөнөкөй эле болуп, боз үйгө шартташкан. Алда бара-бара кооздоло баштайт. Жука кездемеден (2,5—3 м, 2—2,5 мм тигилет да, үстүңкү кыюусуна илмектер кадалып, ага ичке бүчүлүктөр өткөрүлүп, илмектин эки учу ууктарга, мыктарга кере тартылып байланат.

Көшөгө кыздын себи менен кошо келет. Жаңы үйлөнгөндөр салт боюнча көшөгөнүн ичине жатышат. Буга да узчулукка таандык сайма көчөттөрү көбүнчө илме сайма менен түшүп, туш кийиз өңдүү үйгө жасалга берет.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)