Көңүлдүн көлөмү – салыштырмалуу кыска убакыт ичинде адамдын кабыл алып эсинде сактап кала ала турган объектилердин саны.
Мисалы: чоң кишиге кыска убакыт ичинде бири бирине байланышсыз ар түрлүү 100 буюм көрсөтүлсө, анда алардын 5–8-ин гана кабыл алып эстеп кала алат.

Бири бирине байланышсыз ар түрдүү элементтерди кабылдоодогу көңүлдүн мындайча чектелүүлүгү физиологиялык себептер менен түшүндүрүлөт. Бирок жакшы тааныш же бири бири менен оңой байланыша турган буюмдар сунуш кылынса, анда иш башкача болот. Ар түрлүү элементтерди тез анализдеп, системалаштырып бирдиктүү бир бүтүнгө жыйнактай билүү – Көңүлдүн көлөмүнүн кеңейтет. Ошондуктан окуу материалдарына жакшы багыт жасай алуучу окуучулар жаңы маалыматарды тез өздөштүрүшөт. Демек, педагогикалык иште окуулардын көңүлүнүн көлөмүнүн чектүүлүгүн сөзсүз эске алуу зарыл, маалыматарды өтө көп берүү менен окуучулардын алы келбей калгандай ашыкча жүктөнтүүгө болбойт.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004