Көөнө мотив — дүйнөлүк эпостордо кеңири колдонулуучу, тарыхый тамырлары боюнча байыркы мифтик түшүнүктөргө негизделген, баатырдык тематиканын ачылышы үчүн кызмат кылган, көөнө образдардын (к. Көөнө образ) чыгармада сакталып калышын камсыз кылып турган эпикалык мотив (к. Көөнө катмар, Мотив).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4