Лабиринт (гр. labyrinthos) – татаал, чаташкан планда курулган имарат. Байыркы авторлор (Геродот, Диодор, Страбон жана башка) лабиринттин беш түрүн көрсөтүшкөн. Эң белгилүүсү – Крит лабиринти. Грек мифологиясы боюнча желмогуз Минотаврды жашырып туруш үчүн Дедал тарабынан курулган. Миностун сарайы деп да аталат. Египет лабиринти фараон Аменемхет IIIнүн (биздин заманга чейин 19-кылым) пирамидасынын биздин заманга чейин 19-кылымда Файюм оазисинде Хаварада курулган маркум коюлуучу храмы. Ал көптөгөн залдары, өткөөлдөрү, жер алдындагы жайлары бар зор имарат болгон. Лабиринт өзү сакталган эмес, орду 1988-ж. археологиялык казууда аныкталган. Самос лабиринти деп адатта Самос аралындагы биздин заманга чейин 6-кылымда курулган Гера кудайдын храмы аталат. Италия лабиринти – Клузий шаарынын Этруск падышасы Порсена коюлган жай. 17–18- кылымда парктарда ичке ийри-буйру жол түшүрүлүп, тегизделип кыркылган бийик керегелүү бактар да лабиринт аталган. Ошондой эле таштардан төшөлүп жасалган жана аска таштарга чегилип калтырылган байыркы лабиринтди да көрүүгө болот. Лабиринттин ташка чегилген сүрөтү Сулайман тоодон да табылган. Ош тарых музейинин кызматкери Е. В. Дружинина анын көчүрмөсүн алып, илимий алкакка алып чыккан.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7