Лагeна чөкмөлөрүлагуналарда пайда болгон чөкмө тектер. Негизинен майда бүртүктүү кумдуктардан, алевролит менен чоподон турат. Кээде чополуу карбонаттар, таш туз, гипс, көмүр кездешет. Булар өтө жука катмарчаларды пайда кылат. Байыркы доорлордогу жаныбарлардын ташка айланган калдыктарынын жоктугу же кээ бир белгилүү түрлөрүнүн молдугу менен айырмаланат. Мындай аймак геологиялык кесиндиде тоо тектердин тез жана кескин алмашуусу менен мүнөздөлөт. Бул көрүнүш континент жана деңиз шарттарынын бат-бат өзгөрүп туруусуна байланыштуу. Лагена чөкмөлөрүнөн таш туз, гипс, ангидрит, көмүр кендери орун алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7