Ладви (чехче Ládví) – Борбордук Европадагы Чехия мамлекетинин ордо шаары Праганын түндүк тарабындагы дөңсөө.

Ладви.

Кыскача таржымакалы түзөтүү

Ладви (чехче Ládví) дөңсөөсү деңиз деңгээлинен 357 метр бийиктикте жайгашкан.

Дөңсөө миллиондогон жылдар мурда ири мухиттин деңизинин бир аралынын чокусу болгон. Бул дөңсөө Прага шаарынын Прага-8 бөлүгүнүн Кобылисы ооданынын аймагында жайгашкан.

Ладви дөңсөөсүнүн айланасындагы токой «Дяблицки хай» (чехче - Ďáblický háj, «Шайтан чер токойу») деп аталат.

Бул токой суйулуп кеткенде, 18-кылымдан соң кайра кызыл карагай жана башка дарактар, 20-кылымдан тартып карагай жана эмен отургузула баштаган.

Ушул тапта токойдун аянты дээрлик 62 гектарды түзөт.

Дөңсөөнүн аймагы мамлекеттик көзөмөлдөгү жаратылыш паркы катары көз карегиндей сакталат.

Ладви дөңсөөсүнөн түштүгүрөөктө (1,5 чакырымдай алыстыкта) ойдуңда Ладви метро бекети орун алган.

Маданий жана спорттук жайлар түзөтүү

«Шайтан чер токойунда» 1956-жылдан бери планетарий (чехче Hvězdárna) иштейт. Анын күзгүгө негизделген эң кубаттуу телескобу 40 сантиметр көлөмүндө).

Планетарийде илимий-жамаагаттык дарстар, жолугушуулар уюштурулуп, даректүү тасмалар көрсөтүлүп турат жана ар аптада кечкурун андан жылдыздарды кароого болот.

Токойдо спорттук машыгуу жана сейил куруу үчүн тийешелүү жайлар жайгашкан.

Жөө сейилдеп басчулар, чуркоочулар жана велосипедчилер үчүн бул токойдо атайын асфалт жолдор курулган.

Адабият тизмеси түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү