Ладога (байыркы аты – Нево) – Европадагы тузсуз ири көл. Орусиянын европалык бөлүгүнүн түндүк-батышында, Карелия менен Ленинград облусунда жайгашкан. Аянты 17,9 миң км2, аралдары менен 18,3 миң км2. Узундугу 219 км, орточо жазылыгы 84 км. Тереңдиги 51 м, эң терең жери 230 м. Суусунун көлөмү 838 ± 2,4 км3. Жээк сызыгынын узундугу 1570 км. Чанагы мөңгүнүн аракетинен жана тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Түндүк жээги көбүнчө бийик, аскалуу (фьорд, шхерлер), түштүгү жапыз, бир аз тилмеленген. 660тай аралы бар, ирилери: Рискалансари, Мантсинсари, Валаам аралдары. Волхов, Свирь, Вуокса дарыясы куюп, Нева дарыясы агып чыгат. Шамалдын таасиринен деңгээлинин кескин өзгөрүп туруусу жана сейше кубулуштары, шторм шамалы мүнөздүү. Суусунун үстүнкү бетинин орточо температурасы августта 16ᵒС чамасында, эң жогору температурасы 25ᵒСка чейин; түбүнө жакын катмарында кышында 2–2,5ᵒС, жайында 4–5ᵒС. Декабрь–февралда тоңуп, март–апрелде ачылат. Балык кармалат. Кеме жүрөт. Волга–Балтика жана Ак деңиз–Балтика суу жолу системасына кирет. Жээгинде Прио- зёрск, Петрокрепость, Жаңы Ладога, Сортавала шаары жайгашкан. Көл аркылуу 9–12-кылымда түндүгү Русту, түштүгү Скандинавия, Балтика боюн Византия менен байланыштырган «варягдардан гректерге» соода жолу өткөн. Улуу Ата Мекендик согушта муз үстү менен Ленинградга азык-түлүк жана курал-жабдык ташылган.

Ладога.
Ладога.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7