Лазарев Михаил Петрович (3(14). 11. 1788, Владимир – 11(23). 4. 1851, Австрия, Вена) – орус флотчусу жана деңиз сүзүүчү, адмирал (1843), генерал-адъютант (1833). Деңиз кадет корпусун бүткөн (1803). Андан соң гардемарин наамын алып, бир нече тарбиялануучулар менен британиялык флотко волонтёр болуп жиберилген. Алардын кемесинде 5 жылга чукул сүзүп, Жер Ортолук деңизге, Атлантика жана Тынч океандарына болгон экспедицияга катышкан. Вест-Индияга да барган. Белгилүү окумуштуу жана Антарктиданы изилдөөчү. 1813–25-ж. 3 жолу (анын ичинде 1819–21-ж. «Мирныйдын» командири Ф. Ф. Беллинсгаузендин Антарктиданы ачкан экспедициясы менен) Жер шарын айланып сүзүп чыккан. 1827-ж. Наварин салгылашында «Азов» кемесинин командири. 1833–50-ж. Кара деңиз флотунун жана Кара деңиз портторунун башкы командачысы. «Азов» кемеси орус флотунда алгачкылардан болуп, эң жогорку сыйлыкка – Георгий желегине (кеменин артына тагылган) татыктуу болгон. Аскер-деңиз ишине көрүнүктүү салым кошкон. Лазаревдин окуучулары П. С. Нахимов, В. А. Корнилов, П. С. Пахомов, В. И. Истомин, Г. В. Бутаков жана башка Лазаревдин географиялык экспедициялары дүйнөлүк илимге чоң салым кошкон. Париж ИАнын жана Орус география коомунун ардактуу мүчөсү. Анын атынан Тынч океандагы атолл, Амур лиманындагы тумшук, Япон деңизиндеги бухта жана порт, 2 антарктикалык станция, Антарктидадагы деңиз жана тоо тизмеги аталып, Аскер-деңиз флотунун кемелери анын атын алып жүргөн. 4-даражадагы Ыйык Георгий (1817), Ыйык Александр Невский (1837), 1-даражадагы Ыйык Владимир (1845) жана Ыйык Андрей Первозванный (1850) ордендери менен сыйланган. Сөөгү 1992-ж. Севастополго алынып келинип, кайрадан коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7