Лазердик басма - лазер нуру менен сүрөттөлүштү басуу ыкмасы. Атайын цифралык түзүлүш менен башкарылуучу ичке лазер нуру оптикалык системанын жардамы менен айлануучу барабанга багытталат.

Барабан сүрөттөлүштү өткөрүүчү материал менен капталып, нур тийген жери электр менен заряддалат, ал эми картрижден келип түшкөн тонер күкүмүнүн (порошогунун) майда бөлүкчөлөрү ошол заряддалган жерге тартылат. Барабандын айланышы менен сүрөттөлүштү чагылдырган күкүмдүн майда бөлүкчөлөрү электрдик мүнөздө кагаз бетине түшүрүлөт жана ысыткычтын жардамы менен эритилет, жыйынтыгында сүрөт алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4