Лайтбокс — жарык берчү көлөмдүү сырткы же ички жарнамалык көрнөк. Англис тилинен которгондо "жарык берүүчү куту" деген маанини берет. Лайтбокс жарыкты бир калыпта берүү үчүн атайын жасалып, бүт жагына бирдей жарык берет. Азыркы учурда мындай жарнама түрү абдан ыңгайлуу болуп, ишкананын сыртына же ичине, бир жактуу же эки жагынан тең жазуулары болуусу мүмкүн. Ал түнкүсүн жакшы көрүнүп, башка жарнак-көрнөктөргө караганда эффективдүү. Мындан тышкары лайтбоксторду фото жана видеону тартууда жарыкты туура түшүрүү үчүн да колдонушат.