Лактар (нем. Lack) —жука кабык пайда кылуучу заттар орг. эриткичтеги эритмеси. Аны металл, жыгач жана башка зат бетине жука сыйпап кургаткандан кийин адгезиялык күч менен тартылган жалтырак, тунук, катуу кабык пайда болот. Ал кабык түрдүү атм. бузуучу чөйрөдөн буюмду сактайт, кооздойт. Кээ бир Л. электр өткөрбөөчү материал катары да пайдаланылат. Көпчүлүгү лак боёкторун даярдоо үчүн керектелет. Кабык пайда кылуучу затты спирт, уайт-спирт, ацетон, ксилол жана башка эриткичтерде эритип даярдайт. Кабык пайда кылуу түрүнө жараша майлуу, алкид, полиацетон, эпоксид жана башка болуп бөлүнөт. Көбү түссүз. Түстүү Л. алуу үчүн кабыктын тунуктугун сактоочу орг. боёктор кошулат. Кара Л. битумдан даярдалат. Алар кургаганда эриткич учуп кетип, кайра эрүүчү кабык пайда болот. Мыидай Л. бөлмө темп-расында эле тез кургайт. Кээде кайра эрибеген кабык пайда болуп, ал туруктуураак келет. Л. касиети, илээшкектиги, кургоо ылдамдыгы жана башка менен мүнөздөлөт. Турмушта өтө маанилүү, анын бардык тармагында, искусстводо, тиричиликте керектелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү