Лампалуу күчөткүч - электр сигналдары (чыңалуу, ток, жыштык) электрон лампасы менен күчөтүлө тур­ган түзүлүш.

Лампанын анод тизмегине жараша Лампалуу күчөткүч апериоддуу жана резонанстуу болуп бөлүнөт.

Апериод­дуу күчөткүчтө электр тизмек, ал эми резонанстууда термелүү контуру лампанын каршылыктары болот. Күчөтүү каскадына туташтырыла тур­ган жана сыртка сигнал чыгаруу тизмегиндеги каршылык элементтери боюнча Лампалуу күчөткүч тилкелүү, реостаттуу, трансформатордуу, дросселдүү күчөткүчтөр болуп айырмаланат. Миң Мгцке чейинки жыштыкты күчөтүү үчүн күчөткүч лампа катары триод, тетрод, пентод, ал эми миң Мгцтен ашкан жыштыкта атайын электрон лампалары (клистроп, жайылма тол­кун лампасы ж. б.) колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.