Лангер (иран тилинде – эл байырлап токтогон жер маанисинде) – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 635 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 13 км түндүк- батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 40 км. Кыштак 1870-жылдары негизделген. Калкы 2526 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория бар. Тамактануу жана соода жайлары иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7