Ландтаг (нем. Landtag, Land – жер, өлкө, Тag – чогулуш) – 1) 13–18-кылымда герман мамлекеттериндеги, ошондой эле 1419–1561-ж. Ливониядагы сословие өкүлдөрүнүн органы. Ландтагдагы шайлоо укугу жергиликтүү княздарга тиешелүү болгон. 1814–15-ж. жергиликтүү маанидеги маселелерди чече турган сословиелик өкүлчүлүк чогулушка айланган; 2) 1815–66-ж. Герман союзунун, 1867– 70-ж. Түндүк Герман союзунун, 1934-ж. чейин Герман империясынын провинцияларында жана мамлекеттеринде, 1848-ж. чейин Австрия империясы (1867-жылдан Австрия-Венгрия), 1919–38-ж. Австрия Республикасы, ошондой эле 1946–47-ж. Германия менен Австрия аймактарындагы өкүлчүлүк орган; 3) ГФР (Гамбург, Бремен жана Берлинден сырткары) жана Австрия Республикаларында (Венадан сырткары) жалпы, түз, бирдей жана жашыруун добуш берүү жолу менен шайланган өкүлчүлүк жана мыйзам чыгаруучу орган; 4) Лихтенштейн княздыгында парламенттин аталышы; 5) Курляндия, Лифляндия жана Эстляндияда (1918-ж. чейин) дворяндар жыйынынын аталышы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7